Түркиядагы зилзаладан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

 Түркиядагы зилзаладан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Түркиядагы жер титирөөдө урандылардын астында калып, каза болгон кыргызстандык мекенине алып келинди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сөөк Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Буга чейин Хатай шаарында урандылардын астында Кыргыз Республикасынын 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараны каза болгону айтылган. Кийинчерээк КР ТИМи кыргызстандык аялдын каза болгонун тастыктаган. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркиядагы жер титирөө болгон аймактардан 150гө жакын кыргыз жараны эвакуацияланды.

Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар