Түркиядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 12 391ге жетти

 Түркиядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 12 391ге жетти

Түркияда жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 12 миң 391 адамга жетти. Бул туурасында жергиликтүү Anadolu маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянуу менен билдирди.

Hurriyet гезити ушул эле башкармалыкка шилтеме жасап, жаракат алгандардын саны дээрлик 63 миң адамга жеткенин жазды.

Ошондой эле Сирияда дагы каза тапкандардын саны өсүүдө. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына таянсак, көз жумгандар 1200дөн ашып, эки миңден ашык адам денелеринен түрдүү жаракат алган.

Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн жер титирөөдөн көбүрөөк жабыркаган он аймагында үч айга өзгөчө абал режими киргизилгенин билдирген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар