Түркиядагы соңку жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти

Түркиядагы соңку жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул туурасында “Анадолу” агенттиги жазды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, алты адам каза болду. Ал эми жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор деп бааланууда.
Эске салсак, 20-февралда Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиз чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталган. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алды. Жер тиртирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде да сезилди.