Түркияда жер титирөөдө урап түшкөн имараттар боюнча 247 адам камакка алынды

Түркияда жер титирөө учурунда урап түшкөн имараттардын курулушуна тиешелүү 247 адам кармалды. Бул туурасында “анадолу” агенттиги жазды.
Маалыматта айтылгандай, жалпысынан кылмыш иши боюнча 997 адам кармалган, анын ичинен 322сине соттук текшерүү дайындалды.
6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.
Акыркы маалыматтарга ылайык, табият кырсыгынан каза болгондор 345 миңден ашты.