Түркияда зилзаладан улам президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтпөй калышы ыктымал

Түркияда 14-майга белгиленген жалпы шайлоо өлкөнүн түштүк-чыгышында болгон жер титирөөлөрдөн улам жылдырылышы мүмкүн. Бул туурасында TGRT Haber сайты жазды.
“Ошол эле учурда бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы шайлоону жокко чыгарууну карай элек”,-деп айтылат маалыматта.
Түркия Республикасынын Конституциясынын 78-беренесине ылайык, шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга болот.
Белгилесек, өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин президенттик, парламенттик шайлоо дагы ушул жылдын 14-майында өтө турганын билдирген.
Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 29,5 миңден, жараат алгандардын саны 80 миңден ашты.