Түркияда зилзаладан кийин дайыны чыкпай жаткан 13 өзбек жараны изделүүдө

Түркиянын зилзала болгон аймактарында 13 өзбек жараны изделүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.
Буга чейин Малатия провинциясында Өзбекстандын бир жараны каза болгону жана төрт өзбекстандык изделип жатканы кабарланган.
Өзбекстандын Түркиядагы дипломатиялык миссиясы 17 өзбек жаранын, анын ичинде 13 спортчуну зилзала болгон аймактан Стамбулга чыгарып кеткенин билдирген.
Шейшембиде Өзбекстан гуманитардык жүк жүктөлгөн эки учак менен 100 куткаруучуну Адана жана Газиантеп шаарларына жөнөткөн.
Өзбекстандык куткаруучулар Хатай облусундагы Овакент айылында издөө-куткаруу иштерине киришти. Ал жакта 15 миңден ашуун этникалык өзбек жашайт.