Түркияда жер титирөөдөн 70 саат өткөндөн кийин жети жаштагы бала куткарылды

 Түркияда жер титирөөдөн 70 саат өткөндөн кийин жети жаштагы бала куткарылды

Түркиянын Адыяман провинциясында жер титирөөдөн 70 саат өткөндөн кийин жети жаштагы бала урандылардын астынан куткарылды. Бул туурасында TRT Haber телеканалы билдирди.

“Жети жаштагы Ахмед урандылардын астынан куткарылды. Ал куткаруучуларга дароо эртең сабакка барышы керек экенин эскертти”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Учурда имараттардын урандыларынын астында калгандарды куткаруу иштери улантылууда. Анын ичинде Кыргызстандан барган куткаруучулар дагы Түркиянын Кахраманмараш шаарында издөө, куткаруу иштерин аткарып жатышат.

Бүгүн, 9-февралга карата Anadolu маалымат агенттиги зилзаладан улам каза болгондордун саны 12 миң 391 адамга жеткенин жазды. Ал эми жаракат алгандардын саны дээрлик 63 миң адамга жеткени айтылууда.

Ошондой эле Сирияда дагы каза тапкандардын саны өсүүдө. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына таянсак, көз жумгандар 1200дөн ашып, эки миңден ашык адам денелеринен түрдүү жаракат алган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар