Түркияда жер титирөө катталып, кеминде эки киши жаракат алды

 Түркияда жер титирөө катталып, кеминде эки киши жаракат алды

Түркияда күчү 5,6га жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында “Анадолу” агенттиги жазды.

Жер силкинүү бүгүн, 27-февралда саат 12:04төр чамасында Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда катталган.

Акыркы маалыматтарга караганда, зилзаладан кеминде эки киши жаракат алды.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 50 миңге чамалады. Зилзаладан кыргызстандык бир жаран набыт болгон.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар