Түркияда жаңы жер титирөө: каза болгондордун саны алтыга жетти

 Түркияда жаңы жер титирөө: каза болгондордун саны алтыга жетти

Түркияда 20-февралда катталган жер титирөөнүн айынан каза тапкандардын саны өсүүдө. Бул туурасында Star гезити жазды. 

Акыркы маалыматтарда айтылгандай, көз жумгандардын саны 6га жетти.

Буга чейин TRT Haber телеканалы 300гө жакын адам жараат алганын билдирген.

Белгилесек, 20-февралда Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиз чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталды. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алды. Жер тиртирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде да сезилди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар