Түркияда урандылардын алдынан 3 өзбекстандык аман табылды

 Түркияда урандылардын алдынан 3 өзбекстандык аман табылды

Өзбекстандын Түркиядагы консулдугунун маалыматына караганда, урандылардын алдынан үч өзбекстандык тирүү табылды.

Маалыматка ылайык, Кахраманмараш районунда жер титирөөдөн кийин дайынсыз болуп жаткандардын бири Рашид Бойбеков табылды.

Мындан тышкары Малатия районундагы урандылардын алдынан 27 жаштагы Акрамжон Хошимов чыгарылып, ушул тапта ооруканада дарыланууда. 41 жаштагы Асал Шотирбекова Хатай районунда куткарылды.

Мурдараак жер титирөө болгон аймактарда 13 өзбекстандык жаран дайынсыз болуп жатканы, 17 өзбекстандык эвакуацияланганы кабарланган.

Түркияга барган өзбекстандык куткаруучулар урандылардын алдынан жарадар болгон 15 кишини жана 43 сөөктү алып чыгышты.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар