Tүркияда “Маданият маршруту” фестивалы старт алат

 Tүркияда “Маданият маршруту” фестивалы старт алат

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги уюштуруп келе жаткан “Түркиянын маданият маршруту фестивалы” эми өлкөнүн беш шаарында өткөрүлөт. 16-сентябрдан, 23-октябрга чейин Истанбул, Анкара, Чанаккале, Диярбакыр жана Коньяда болотурган бул иш-чара, жакын арада Түркиянын бардык аймактарына жайылганы турат.

Өткөн жылы Бейоглу тарабынан алгачкы жолу уюштурулган “Маданият маршруту фестивалы” быйыл кеңири форматта, кеңири аймакта, тактап айтканда Түркиянын эң ири делген беш шаарында өткөрүлөт. 16-сентябрдан, 23-октябрга чейин Истанбул, Анкара, Чанаккале, Диярбакыр жана Коньяда болотурган бул иш-чарага 15 000 ашык сүрөтчү, бийчи, кино, санарип, адабият, музыка, искусство чөйрөсүнүн мыктылары катышып, 3000ден ашык маданий программаларын тартуулайт.

“Өлкөбүздүн маданий мурастарын дүйнөлүк көргөзмөгө алып чыгуу максатында уюштурулган “Түркиянын маданият маршруту фестивалы” аркылуу биз маданий маршруттарыбызды жолго коюп, өнүктүрүп, маданият жана искусствону ар бир жаранга жеткиликтүү кылып жатабыз. Өткөн жылы Бейоглу баштаган “Маданият маршруту” фестивалын быйыл биз өлкө боюнча өткөрүп, кеңири аудиторияга жеткиргени жатабыз.” – деди Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой.

Чанаккаледе 100дөн ашык иш-чара өтөт

“Түркиянын маданият маршруту фестивалынын” алкагында Чанаккаледе 100дөн ашык иш-чара, концерт, түрдүү талкуулар жана воркшоптор уюштурулат. Кырк локацияда өткөрүлөтурган ивенттерге 1 000ден ашык ырчы-чоорчулар, артисттер жана ар кайсы тармактын атактуулары катышат.

Истанбул менен Анкарада фестиваль 23 күнгө созулат

“Түркиянын маданият маршруту фестивалы” Анкарада 1-октябрда башталып, 23 күн бою концерт, түрдүү ивент иш-чаралар менен уюштурулат. Фестиваль ири шаарлардын ар кайсы бөлүгүндө, 46 жерде өтөт. Ага 6 000ден ашык сүрөтчү катышып, 1000ден ашуун искусство күйөрмандары менен жолугат. Анкаранын 5,7 чакырымга созулган Улус жолунда 5000ге жакын сүрөтчүнүн катышуусунда 500дөн ашык сүрөт көргөзмөлөр өтөт.

Диярбакырда 500 ивент өтөт

Маданий жол фестивалы 8-16-октябрь күндөрү Диярбакырда өткөрүлөт. Ага Түркиянын 2000ден ашуун сүрөтчү катышып, 500дөй маданий иш-чаралар уюштурулат.

Коня мистикалык музыка фестивалына чакырат

Үстүбүздөгү жылдын 22-30-сентябрь күндөрү Түркиянын Коня шаарында 19-Коня Эл аралык мистикалык музыка фестивалы өткөрүлөт. Фестивалда Түркия, Испания, Египет, Азербайжан, Германия, Өзбекстан, Индия жана Ирандан келген таланттуулар өнөрлөрүн тартуулайт. Мистикалык музыка фестивалы Мевлана Желаледдин Руминин 815 жылдыгынын алкагында уюштурулууда.

Жанылыктар