Түркияда кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган бешинчи адамды тапты

 Түркияда кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган бешинчи адамды тапты

Бүгүн, 13-февралда Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган бешинчи адамды тапты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабаралагандай, куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси ” ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты.

Белгилей кетсек, Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда зилзаланын кесепетинен каза тапкандардын  саны 29,5 миңден ашты. Al Jazeera маалымдагандай, Сирияда төрт жарым миңден ашык киши мерт кетти.

Эки өлкөдө жаракат алгандардын саны 80 миңден көп. Жүз миңдеген кишилер үй-жайынан ажырады.

Жанылыктар