Түркияда кайрадан жер титирөө катталып, дээрлик 300 адам жаракат алды

 Түркияда кайрадан жер титирөө катталып, дээрлик 300 адам жаракат алды

Түркиянын Хатай провинциясында кечээ, 20-февралда катталган жер титирөөдөн 300гө жакын адам жабыркап, 18 кишинин абалы оор. Бул туурасында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа Твиттерге жазды.

“Хатайда 294 жабырлануучубуз бар. Тилекке каршы, алардын 18инин абалы оор. Жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Адана жана Дертйол шаарларына жеткирилди”, — деди саламаттык сактоо министри.

Белгилесек, 20-февралда Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиз чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталды. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алды. Жер тиртирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде да сезилди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар