Түркияда көпчүлүктү таң калтырган сыйкырдуу үңкүрлөр

 Түркияда көпчүлүктү таң калтырган сыйкырдуу үңкүрлөр

Түркияда болжол менен 40 миңдей үңкүр бар. Үңкүрлөр негизинен Батыш жана борбордук Торос тоолорунда (Мугла, Анталия, Испарта, Бурдур, Коня, Караман, Ичел жана Адана) жайгашкан. Бүгүнкү күнгө чейин 1 100 үнкүр адистер тарабынан толук изилденип чыккан.

Түркиянын эң узун үңкүрү Пинарозо. Бейшехир көлүнүн батышында жайгашкан Пинарозо үнкүрүнүн узундугу 16 метр, ал эми эң терең үңкүр болсо Чукурпинар. Чукурпинардын тереңдеги 1880 метрге чейин жетет.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги өлкөдөгү 50 үнкүргө саякаттоо үчүн уруксат берген. Алардын 31и жөнөкөй саякатчылар, 12си башчысы бар саякатчылар үчүн, жетөөсү болсо профессионал саякатчылар үчүн ар дайым ачык десек болот.

Түркиянын белгилүү үңкүрлөрү менен кененирээк таанышып алыңыз.

Дамлаташ үңкүрү

Жер ортолук деңизинин жээгиндеги Алания шаарында жайгашкан Дамлаташ үңкүрүн кокус табылган табылга десек болот. Алания деңиз портуна динамит төшөө учурунда жумушчулар үңкүрдү көрүп калышкан.

Үңкүрдүн жалпы аянты болсо 200 м2, узундугу 30 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө үңкүр ден-соолукту чыңдоо борбор катары да белгилүү. Дамлаташ үңкүрүнүн температурасы жыл боюу бирдей 22° Ста кармалып турат.

Инсую үңкүрү

Бурдурдагы Инсую үңкүрүндө найза, жаа сыяктуу формада катып калган таштарды көрүүгө болот. Ошондой эле кайык менен сүзүүгө мүмкүн болгон чакан 9 көл да бар.

Үңкүрдөгү суу тогуз көлдөн агып чыгатурган суулар үңкүрдүн башка жактарына агып өтүп турат. Ошондуктан бул жер жылдын кайсы мезгили болбосун өтө салкын болот.

Караин үңкүрү

Деңгиз денгээлинен 430 – 450 метр бийиктикте жайгашкан Караин үңкүрү Түркияда эң ири үңкүрлөрдүн бири.

Анталиядагы бул үңкүр Түркияда ири табигый үңкүр деп табылган. Караинде куш, канаттууларын түрүн жолуктуруга болот. Ошондой эле байыркы адам сөөктөрү көп табылган үңкүр катары да белгилүү.

Аталган үңкүрдө 1946-жылдан бери архелогиялык казуу иштери жүргүзүлүп келе жатат. Казуу иштеринин жүрүшүндө археологдор үңкүрдө 500 миң жыл мурун эл жашаган айыл болгон деген жыйынтыкка келген.

Караин үнкүрү Анадолу жана Жакынкы Чыгыш тарыхы менен карайтурган болсок маанилүү палеолит борбору да болуп саналат.

Айлат үңкүрү

Айлат үңкүрү Бурсанын Инегүл шаарында үч миң жыл мурун пайда болгон. Үңкүрдүн узундугу болсо 665 метр. Бийиктиги кырк кабатуу имараттан өтөт. Түркиядагы эң чоң экинчи үңкүр болуп саналат.

Чал үңкүрү

Трабзондогу Чал үңкүрү дүйнөдөгү эң узун экинчи үңкүр болуп саналат. Узундугу болсо 8 км болгон үңкүрдүн болжол менен бир чакырым жерине чейин гана кирип барууга болот.

Трабзон облусу, Дузкой районунан 5 чакырым алыс, деңиз деңгээлинен 1050 метр бийиктиктеги Чал айылында жайгашкан Чал үңкүрүнүн үстүндө тарыхый калаа болуп, үңкүрдүн ичинен дарыя агып өтөт.

Үңкүрдүн босогосу кенен, бирок ич тарабы бирде чоң, бирде кичирейип өзгөрүп турат. Үңкүрдүн ички бөлүгүндө чакан көл жана шаркыратма да бар. Үңкүрдөгү суу болсо мезгилге карап көбөйүп, азайып турат.

Жанылыктар