Түркияда бүгүн дагы жер титирөө катталды

 Түркияда бүгүн дагы жер титирөө катталды

Бүгүн, 8-февралда Түркияда күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Зилзала жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.48де 376 миң калкы бар Кахраманмараш шаарынан 85 чакырым алыстыктагы түндүк-батыш аймагында болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер силкинүүнүн айынан каза тапкандардын саны 7108ге жетип, жаракат алгандар 40 910ду түздү.

Эске салсак, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.  Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен зилзала кайталанган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар