Түркияда акыркы бир жумада 150гө жакын кыргыз жараны эвакуацияланды

 Түркияда акыркы бир жумада 150гө жакын кыргыз жараны эвакуацияланды

Акыркы 7 күндүн ичинде Түркиядагы 150гө жакын кыргыз жараны Анкара, Анталия, Алания шаарларындагы коопсуз аймактарга, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев маалымдады.

Элчи эвакуцияланган жарандарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

“Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Түркиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелерине кайрылуулар түшкөн Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү”,-деп белгиледи Казакбаев.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар