ОшТВ телерадиокомпаниясы

Түркияда үч шайлоо тилкеси ачылды

 Түркияда үч шайлоо тилкеси ачылды

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоого карата Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинде, Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктарында үч шайлоо тилкеси ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки 8:00дөн тарта кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Үч участокто жалпысынан 3131 шайлоочу бар. Алардын 1081и Анкарада, 1279у Стамбулдагы башкы консулдукта, 771и Анталияда катталган.

Анталия шаарындагы шайлоо тилкеси биринчи жолу ачылып жатат. Өткөн айда президент Садыр Жапаров “Түркиянын Анталия шаарында Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Кошумчалай кетсек,  чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Жанылыктар