Түркия Ысык-Көлдөгү туристтик көргөзмөдө эки сыйлыкка татыды

 Түркия Ысык-Көлдөгү туристтик көргөзмөдө эки сыйлыкка татыды

Түркия Кыргызстанда өткөн эл аралык туристтик жарманкеде “Ишенимдүү жана ийгиликтүү өнөктөш”, ошондой эле “Эң мыкты көргөзмө” сыйлыгына татыды.

Кыргызстанда 13-14-май күндөрү, Чолпон-Ата шаарындагы, Чыңгыз Айтматов “Рух-Ордо” маданий комплексинде Ысык-Көл (Issyk-Kul ITF 2022) эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү.

Туристтик жарманкеге, мамлекеттик мекемелер, маданият өкүлдөрү, туризм фирмалары, 200дөн жакын тур операторлор, жана туризм тармагында иш алып барган башка мекемелер да катышып, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Түркиянын туристтик көргөзмөсү көпчүлүктүн көңүлүн бурду 

Түрк уюштуруучулары өз өлкөсүн таанытуу үчүн үч боз үй тигип, түрдүү багыттар боюнча стенддер даярды. Рух-Ордодогу “Ататүрк” айкелинин алдына тигилген чатырлардын айланасына түрк байрактары, мамлекеттик мекемелердин афишалары илинип, тарыхый инсандардын өмүр баяндары жазылган таблолор коюлду. Ошондой эле ТҮРКСОЙ уюмунун чыгармалары жана Түрк дүйнөсү борбор шаарларынын сүрөт көргөзмөсү да орун алды.

Иш-чарага катышкан уюмдар

Иш-чарага Түркиянын элчилиги, Түркия Туризмди өнүктүрүү агенттиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), ТҮРКСОЙ Улуттар аралык маданий уюму, Кыргыз-Түрк Манас университети, Түркиянын Бишкектеги билим берүү мекемелери, ошондой эле 2022-жылы Түрк Дүйнөсүнүн маданият борбору катары тандалган Бурса шаарынан келген өкүлдөр, өнөрпоздор катышты.

Бурса мэринен дубай салам

“2022-Түрк дүйнөсү борбору Бурса” программасынын координатору Фетуллах Бингүл кыргызстандыктарга Бурса шаарынын мэринин дубай саламын жеткирди. Бингүл Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Бурсада өтөтургандыгын баса белгилеп, андан сыймыктанып турганын айтты.

Кыргызстандык делегация Түркия стендин кыдырды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен келген делегация жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн боз үйлөрдү атайын келип, кыдырып чыкты.

Жибек куртунан жипти алуу процесси 

Бурса шаары дүйнөгө жибек иштетүүсү менен белгилүү. Түркиялык өнөрпоздор жибек куртунан жипти алуу процессин көрсөтүп берип, көпчүлүктүн оозун ачырды. Ошондой эле Бурсадан келген усталар керамика жана айнекке сүрөт тартуу өнөрүн да конокторго көрсөтүп, мунун менен катар өз шаарлары, ашканасы, улуттук тамак-аштарын да кеңири таанытууга жетишти.

Эбру искусствосу элге көрсөтүлдү

Жарманкеде сууга сүрөт тартып, аны кагазга чагылдырган эбру искусствосу көпчүлүктүн көңүлүн тартты. Түркиядагы эң белгилүү эбру усталарынан бири Хикмет Барутчугил Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Маданият министри Азамат Жаманкулов үчүн атайын эбру искусствосу менен жоогазын сүрөттөрүн тартып белек кылды.

Түрк элчиси 2 медаль тагынды

Осмон аскерлеринин кийимин кийип көргөзмөгө катышкан Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Бурсанын каштан шекеринен ооз тийгизди. Акылбек Жапаров анын кийимине таң кала карап, Осмон империясын дал ушундай түрк баатырлары кураганын баса белгиледи.

Жарманкенин ачылышында түрк элчиси Доганга “Ишенимдүү жана ийгиликтүү өнөктөш” ошондой эле “Эң мыкты көргөзмө” сыйлыгы тартууланды.

Жанылыктар