Түркия: Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү 326 террорист жок кылынды

 Түркия: Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү 326 террорист жок кылынды

Түркиянын Коргоо министрлиги Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү аба операциясында 326 террористтин жок кылынганын билдирди.

“Террористтерди жазалоо операциясы уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Коргоо министри Акар түрк армиясы террорчулар топтолгон аймактарга гана сокку урганын айтып, Сириянын түндүгүндөгү объектилерине сокку урду деген имиштерди четке какты.

20-ноябрда Анкара тыюу салынган ПККнын сириялык канатына каршы абадан операция баштаган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү Сириянын төрт аймагына жана Ирактын бир аймагына сокку урду.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар