Түркия Россиянын кош каттоодогу учактарына өлкө аймагы аркылуу учуп өтүүгө тыюу салды

 Түркия Россиянын кош каттоодогу учактарына өлкө аймагы аркылуу учуп өтүүгө тыюу салды

Түркия 1-ноябрдан тарта эки юрисдикцияда каттоодон өткөн учактарга өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учууга тыюу салды. Бул тууралуу РБК басылмасына Pegas Touristik туристтик операторунун башкы директору, Nordwind авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Анна Подгорная билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын аба мейкиндигин айланып өтүү зарылдыгына байланыштуу Египетке учкан каттамдардын учуу узактыгы 20-30 мүнөткө көбөйдү.

РБКнын маалыматына караганда, “Аэрофлот”, “Россия”, Pegas Fly, Red Wings жана iFly авиакомпанияларында да бул багыт боюнча каттамдары бар же жаңы ачууну пландап жатышат.

Россиянын Транспорт министрлиги жакын арада Түркия менен бул тыюу салууну талкуулайт. Мекеме өкүлү башка өлкөлөр Москваны айыптап жаткан кош каттоону “дискриминация” деп атады. Анын айтымында, бул Чикаго конвенциясынын 44-беренесинде жазылган Эл аралык жарандык авиация уюмунун максаттарына каршы келет.

Орус авиакомпанияларынын чет элдик учактарынын көбү Бермуд аралдарында каттоодон өткөн. Бирок Россия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Бермуд бийлиги ал учактардын учууга жарактуу экендиги тууралуу сертификаттарынын мөөнөтүн токтотуп койгон. Ошол эле маалда орус авиакомпанияларынын өтүнүчүнө карабастан лайнерлерди өз каттоосунан чыгарган эмес. Учактарды эски юрисдикциядагы каттоосунан лизинг компанияларынын макулдугу менен гана чыгарууга болот.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар