Түркия менен Сириядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 40 миңден ашты

 Түркия менен Сириядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 40 миңден ашты

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 миңден ашты. Бул туурасында ЖМКга өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Ал эми Сирияда каза болгондор 5800гө жетти.

«Түркияда эки жер титирөөдөн жабыркаган балдардын жалпы саны 4,6 миллионду түздү. Сирияда 2,5 миллион бала жабыркады», — деди ЮНИСЕФтин өкүлү Жеймс Элдер.

Эрдоган буга чейин Түркиядагы куткаруу иштерине жалпысынан 249 миң адам катышып жатканын айткан.

Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар