Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор 20 миңге жакындады

 Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор 20 миңге жакындады

Түркияда жер титирөөдөн каза тапкандар 16 170ке жетип, жараат алгандардын саны 64 194тү түзгөнүн өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымдады.  

Ал эми Сирия мамлекетинде көз жумгандар 3000ден ашып, жараат алгандар 5158 адамга жетти.

Жалпысынан эки өлкөдө каза болгондордун саны 20 миңге жакындаганын The Guardian агенттиги жазды.

Талдоочулар жакынкы күндөрү каза болгондордун жана жарадарлардын саны дагы өсө турганын айтышууда.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, зилзаладан жабыркаган аймактарда абанын температурасы нөлдөн төмөн. Мындан тышкары, аман калгандар үйлөрүнөн ажырап, көчөлөрдө түнөшүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар