Түркия көчмөндөр оюндарын сентябрда өткөрөт, Изник шаарында даярдыктар башталды

 Түркия көчмөндөр оюндарын сентябрда өткөрөт, Изник шаарында даярдыктар башталды

Сентябрь айынын соңунда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Учурда даярдыктар башталганын Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун төрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин ишине Түрк мамлекеттер уюмунун генералдык секретарынын орун басары катары катыштым. Түркияда көчмөндөр оюнуна карата даярдыктарга старт берилди. Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө.

Көчмөндөр оюнунун алкагында маданий программага айрыкча орун берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылган”, – деп жазган ал.

https://www.facebook.com/sultanraev58/posts/3101116486837542

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жолу (2014, 2016, 2018) Кыргызстанда өткөн.

Жанылыктар