Түркия АКШнын көңүл айтуусун кабыл алган жок

 Түркия АКШнын көңүл айтуусун кабыл алган жок

Түркия АКШнын элчилигинин көңүл айтуусун кабыл алган жок. Бул тууралуу Известия жазды.

“Стамбулдагы теракт кайдан координацияланганын билебиз жана АКШ элчилигинин көңүл айтуусун кабыл албайбыз”,-деди Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу.

Буга чейин укук коргоо органынын башчысы терактты кимдер тарабынан жасалганы белгилүү экенин айткан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жардырууга тиешеси бар делип 46 адам кармалды.

Жардыруудан 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган, бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор. Учурда жалпы жабыркагандардын 50сү ооруканадан чыгарылды, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, 13-ноябрда Стамбул шаарында жардыруу болду.  Кыргызстандын Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар