Түркия: 17 жаштагы кыз 248 сааттан кийин урандылардын астынан тирүү табылды. Видео

Түркиянын Кахраманмараш шаарынын Каябашы кичи районундагы урандылардын астынан 248 сааттан кийин 17 жаштагы Алейна тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кахраманмарашта куткаруу иштери 11 күндөн бери жүрүп жатат. Куткарууучулар 17 жаштагы Алейнаны жер титирөөнүн 248-саатында табышкан.
Урандылардын астынан куткарылган жаш кыз тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Түрк басылмалары урандылардын алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатканын билдирүүдө.