ОшТВ телерадиокомпаниясы

Түрк  жаранын уурдоого шектелип эки адам изделүүдө. Алардын жанында курал болушу мүмкүн

 Түрк  жаранын уурдоого шектелип эки адам изделүүдө. Алардын жанында курал болушу мүмкүн

Атайын кызмат Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар эки кыргыз жараны изделип жатканын кабарлады.

Буга чейин, 2021-жылдын 9-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б” жана Чүй облусунун ИИБнын «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары “П.Т.” кармалып, 2 айга  УКМК тергөө камак жайына камалышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды.

Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.

УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.

Жанылыктар