“Түндүк” подстанциясына жабдуулар жасалма сатып алынып, казынага 2,5 млн сомдук зыян келтирилген

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери тарабынан “Түндүк” подстанциясын модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланануу фактысы ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тендердик шарттарга жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып, орнотуу иштеринде, 2,5 млн сомдук зыян келтирилген.
“2017-жылы “Түндүк” подстанциясы үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында “N.E.C.” өндүрүүчүсүнүн релелик коргоочусу жана автоматикасы орнотулушу керек болгон. Бирок ЖЧЭТИ кабыл алуу комиссиясы ишкананын кызыкчылыгына каршы туруп, ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун белгиленген шарттарына жооп бербеген башка өндүрүүчүнүн жабдууларын кабыл алган” – деп айтылат билдүүдө.
Бул калкты электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратып, техникалык жабдуунун тез бузулушун, ошондой эле бүткүл подстанциялардын иштен чыгышына алып келиши мүмкүн.
Тергөөнүн жүрүшүндө ЖЧЭТИ жооптуу кызматкерлери жең учунан сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан, эч кандай арыз-даттануусуз, орнотмолорду кабыл алуу иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.
Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ЖЧЭТИ кабыл алуу комиссиясынын төрагасы “Н.М.А.” менен “Т-Р” ЖЧКнын аткаруучу директору “И.К.С.” КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.