Түндүк Кореяда Ким Чен Ирге аза күтүү күндөрү күлүүгө жана ичимдик ичүүгө тыюу салынды

Түндүк кореялыктарга 11 күн бою күлүүгө, туулган күнүн белгилөөгө, жакындарын көмүүгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды. Мунун бардыгы партиянын жана элдин лидери Ким Чен Ирдин дуйнөден кайткандыгынын он жылдыгына байланыштуу. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда. Ошондой эле, өлкө жетекчилиги жарандарга бош убактысын көңүл ачып өткөрүүгө жана соода-сатык жасоого тыюу салды. Былтыркы аза күтүү күндөрү мас абалында жүргөн жарандар камакка алынган. Жергиликтүү тургундар мындай адамдарды идеологиялык кылмышкер деп эсептеп, полиция алып кетишкенин, андан кийин башка эч ким көрбөгөнүн айтышат.
Маалыматка караганда, улуттук аза күтүү учурунда кокусунан үй-бүлө мүчөсү каза болсо да, катуу ыйлоого болбойт. Сөөк аза күтүү аяктаганда гана үйдөн чыгарылат. Туулган күн да белгиленбейт.
Белгилей кетсек, Ким Чен Ир 2011-жылы 17-декабрда каза болгон. Маалыматтарда анын жүрөк оорусу кармап каза болгондугу айтылат. Ал Түндүк Кореяны 1994-жылы мурдагы лидер, атасы Ким Ир Сен каза болгондон кийин 2011-жылга чейин башкарган. Андан соң өлкөнү башкаруу анын уулу, учурдагы лидер Ким Чен Ынга өткөн.
Ким Чен Ирдин башкаруусу КЭДРдин тарыхындагы “Оор кампания” деп аталган эң оор мезгил деп эсептелет. 90-жылдары түндүк кореялыктар экономикалык кризистен жана коркунучтуу ачарчылыктан жапа чеккен. Кээ бир маалыматтар боюнча, ошол жылдары үч миллионго чейин жергиликтүү тургундар каза болгон.