Түндүк Корея COVID-19дан  алгачкы  бейтап каза болгонун билдирди

 Түндүк Корея COVID-19дан  алгачкы  бейтап каза болгонун билдирди

КЭДРде 18 миңден ашык адам COVID-19 менен ооруп, алардын алтоо каза болгонун Ренхап маалымат агенттиги Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Бир күн мурун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын КЭДРда коронавирустун айынан «капысынан» өзгөчө кырдаал пайда болгонун айтып, өкмөткө бардык деңгээлдеги оорунун жайылышын токтотуу үчүн кемчиликсиз иштөөнү буйруган.

Тактап айтканда, Ким Чен Ын өлкөнүн уезддерин жана шаарларын жабууга буйрук берген.

Мурдараак маалымдалгандай, 8-майда Пхеньянда ден табы көтөрүлгөн бейтаптардан алынган анализдердин жыйынтыгына ылайык, алар BA.2 коронавирусунун, башкача айтканда, Omicron штаммынын вариантын айтышкан. Өлкөнүн бийликтери «максималдуу өзгөчө кырдаал» үчүн вирусту көзөмөлдөө тутумун киргизүүнү жарыялады.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясы башталгандан бери Түндүк Кореяда аталган оору аныкталганы кабарлана элек болчу.

Жанылыктар