Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Түмөнбай Колдошов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү чечимге өкмөт башчы кол койгон.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн Колдошовду министр эмгек жааматка тааныштырды.
Ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов буга чейин Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси кызматын аркалап келген. Ага чейин ОшМУда агартууучу катары иштеген.