Сыдыковдун сабалышы боюнча Кыргызстан Казакстанга нота жолдоду

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги казак консулуна Алматыда кыргызстандык жарандын сабалышы боюнча нота тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-январда тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу чакырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жараны Ч.Ш. Сыдыковдун сабалышына карата нота берилди, анда аталган жаранга карата мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ден соолугуна олуттуу зыян келтирген Казакстандын айрым укук коргоо органдарынын аракеттерине кыргыз тараптын тынчсыздануусу айтылат.
Мындан тышкары, окуянын бардык жагдайларын тактоо, Ч. Сыдыковдун ден соолугуна оор залал келтиргендиги үчүн бардык күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жана компенсация төлөп берүү үчүн кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурулду.