Сузактын 4 тургуну диний экстремисттик көз карашынан баш тартты

 Сузактын 4 тургуну диний экстремисттик көз карашынан баш тартты

Сузак районунун 4 тургуну «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Сузак районунун жашоочулары, 1970-жылы туулган М.Ш.С., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1988-жылы туулган С.О.М., 1991-жылы туулган С.Б.С., экстремисттик идеологиядан элдин алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда “Йакын-Инкар” ДЭКнын экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүрүшкөн.

“Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды бул уюмдун КР аймагында иштөөсүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Йакын-Инкар” ДЭКнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан «Йакын-Инкар» ДЭКнын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда, ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп  жатат.

Жанылыктар