Сузакта соцкызматкер пара алып кармалды

 Сузакта соцкызматкер пара алып кармалды

Кечээ, 7-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

6-декабрда атайын кызматка жергиликтүү тургун «соцкызматкер жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды карап жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат» деген арыз менен кайрылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө («Опузалап пара алуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат

Жанылыктар