Сузакта салык кызматынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды  

 Сузакта салык кызматынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды  

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Ал “Опузалап пара алуу” боюнча кылыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында колго түшкөн.

Ж.Д.Д. аттуу  кызматкер Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, жашоочудан о акча каражатын талап кылган.

23-февраль күнү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Жанылыктар