Сузакта мыйзамсыз иштеп жаткан диний окуу борбордун ишмердүүлүгү токтотулду

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
“Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, мыйзамдын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” 8, 10 беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган”,-деп айтылат маалыматта.
Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү актылар түзүлдү жана 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.