Сузакта мугалим кол көтөргөн кыз арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалим тарабынан сабалган окуучунун апасы милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык окуучунун апасы мугалимдин үстүнөн доо арыз жазуудан баш тарткан, бирок окуядан кийин кызынын абалы начарлап, мугалимге карата мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.
“Бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Кыздын апасы кайрадан арызынан баш тарткан учурда да, экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, – дешти милициядан.
Буга чейин 23-майда социалдык тармактарда мугалим окуучусун сабаган, андан кийин окуучу мугалим менен айтышып жаткан видео тараган.
25-майда ал Сузактагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин мугалими жана 7-классынын окуучуусу болгону белгилүү болгон.

Жанылыктар