Сузакта мектептеги окуя боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүүдө

 Сузакта мектептеги окуя боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Ж.Бөкөнбаев №1 атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими 7-класстын окуучусун сабаган видео социалдык тармактарда тараган.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окуя 23-майда орун алган.

“Күн мурун Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөн. Бүгүн комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

 

Жанылыктар