Сузакта мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылындагы мектепте 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапты. Бул туурасында Turmush басылмасы жеригилктүү тургундарга шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 1-март күнү катталган. Анда Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин 9-классынын окуучусу М.Т дагы бир кластташ досу менен мектептен чыгып келе жатканда 10-класстын 5 окуучусу аларды мектептин эски имаратына алып кирип, токмоктогон. Натыйжада маркум окуучу арты менен жыгылып, жаракат алган.
“Классташтары жолдо бараткан унааны токтотуп, ооруканага алып барышкан. Андан кийин ата-энесине кабар беришкен. Тилекке каршы, бала каза болуп калды”,-деп айтылат маалыматта.