Сузакта акча тоноого шектелген жаран кармалды

 Сузакта акча тоноого шектелген жаран кармалды

Жалал-Абаддын Сузак районунда тоноого жана опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак районунун аймагында жергиликтүү тургунду бейтаныш адамдар жолугушууга чакырышкан. Жолдун жээгиндеги кафелердин биринде жабырлануучуну күч менен унаага салып, адамдар жок жерге алып барышкан.  Андан соң аны сабашып, акча каражатын ачык түрдө тартып алышкан. Коркутуу жолу менен дагы 7 000 АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1998-жылы туулган С.уулу Ш. аттуу жаран кармалды. Ал мурда соттолгон.

Учурда тоноо жана опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар