Сузак райондук прокуратурасы жашы жете электердин арасында бир канча профилактикалык иш-чараларды өткөрдү

 Сузак райондук прокуратурасы жашы жете электердин арасында бир канча профилактикалык иш-чараларды өткөрдү

Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын өсүшүн азайтуунун жолдорун издөө жана профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу бүгүнкү күндө коомдун алдында турган эң кечиктирилгис жана социалдык маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.

Бул жаатта жаш курактык чектөөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете электердин арасындагы кылмыштарды жана укук бузууларды азайтуу боюнча көзөмөлдүк иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүп келет.

Алсак, райондун прокуратурасы тарабынан жыл башынан бери ушул мезгилге чейин милиция, социалдык коргоо жана билим берүү кызматкерлери менен биргеликте Сузак районунун аймагында жайгашкан №90 Манас атындагы, №10 Көк-Арт, №4 Б.Шамшиев атындагы, №88 С.Атабеков атындагы, №20 М.Маткаримов атындагы, №3 Чангыр-Таш, №2 М.Хакимов атындагы «Дома-Ата», №23 Таш-Булак, №11 М.Орозалиев атындагы жана №15 М. Юсупов атындагы мектептеринде окуучулар менен жолугушуулар өткөзүлүп, аларда жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле аларды жасагандарга кандай укуктук жана социалдык кесепеттер тийиши мүмкүн экендиги тууралуу түшүндүрүлдү.

Жанылыктар