Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер сатууга шектелип кармалды

 Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер сатууга шектелип кармалды

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган. Алар жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты.

Бул факты боюнча  «Документтердин жасалмасын жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар