Сургут шаарында газ баллон жарылып, үч кыргызстандык жабыркады

 Сургут шаарында газ баллон жарылып, үч кыргызстандык жабыркады

Сургут шаарында газ баллон жарылып, үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.  Маалыматка караганда, 15-декабрда саат 18.00дөр чамасында техникалык тейлөө станциясында жарылуу болгон.

Окуянын кесепетинен 10 адам жабыркаган.

Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында Кыргызстандын үч жараны бар. Алардын абалы орточо деп бааланууда. Алардын баары Сургуттун күйүк борборуна жаткырылган.

Жарылган жер автомобилдер учун газ жабдууларын  орнотуучу жана  ремонттук жай катары тейлөөчү. Алдын ала маалыматтар боюнча, газ баллонунун басымы түшүп кеткен. Жарылуудан улам имараттын чатыры кулап түшкөн.

Россиянын тергөө комитети тарабынан  териштирүү иштери жүрүүдө.

Жанылыктар