Суракта Мадумаров менен Бекназаров беттештирилди

 Суракта Мадумаров менен Бекназаров беттештирилди

Башкы прокуротурада суракта Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров беттештирилди. Бул тууралуу маалыматты башкы прокуротуранын басма сөз кызматы тастыктады. 

Маалматка ылайык, суракта кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе боюнча беттештирилип суралган.

Буга чейин Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары чакырылганын билдирген. Ал эми Азимбек Бекназаров Малайзиядан Кыргызстанга июнь окуясы боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин айтып, Мадумаровго каршы көрсөтмө берүүгө келди деген маалыматтарды четке каккан.

Жанылыктар