Султанбаев: мамлекет 5 жылдыздуу мейманканаларды кургандарга жерди бекер берет

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанга дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканаларды курган ишкерлерге жеңилдиктер бериле турганын билдирди. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Белгилүү болгондой, 5 жылдыздуу мейманканаларды кургандарга мамлекет жерди бекер берет. Ошондой эле бажы алымдарынан жеңилдиктер берилип, 3-5 жылга чейин салыктан бошотулат.
Султанбаев бул боюнча толук кандуу маалымат алуу үчүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрылуу керектигин кошумчалады.
- Дареги: Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1.
- Байланыш телефондору: +996 312 623 844, +996 312 300 284.