ОшТВ телерадиокомпаниясы

“Сулайман-Тоо” музейинде коноктор үчүн ылайыктуу шарт түзүлбөгөнү белгилүү болду  

 “Сулайман-Тоо” музейинде коноктор үчүн ылайыктуу шарт түзүлбөгөнү белгилүү болду  

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди.

Өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов жетектеген атайын комиссиянын текшерүү учурунда “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинде жана Алымбек-Датка музейинде   жарандарды, конокторду кабыл алууга шарт түзүлбөгөнү, имараттарда жылуулук системасы иштебегендиги, тазалык маселеси аткарылбай жатканы аныкталды.

Атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныктама жазылып, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү министрликке берилет.

Жанылыктар