Сугат жерлерди менчиктеп, кийин сатып жиберген. Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды

 Сугат жерлерди менчиктеп, кийин сатып жиберген. Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М., кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал жер мыйзамдарын бузуу менен жасалма документтерди колдонуп, сугат айдоо категориясына кирген жер тилкелерин өзүнө тийиштүү болгон адамдарга жеке менчик турак жай куруу үчүн токтом чыгарып, андан соң жогорудагы жер тилкелер үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган” – деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жанылыктар