Стамбулдагы жардыруудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

 Стамбулдагы жардыруудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулдагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Стамбул борборунда жардыруу болуп, кеминде 6 киши каза тапты,  дагы 50сү жаракат алган.

Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жык жайгашкан аймакта, саат 16:20 чамасында болгон.

“Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирет. Башкы консулдук Түркия бийлиги менен байланышта болууда”, – деп айтылат маалыматта.

Түрк укук коргоо органдары каза болгондор жана жабыркагандардын саны көбөйүп, иликтөө иштери уланып жатканын маалымдайт.

Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымал экендигин айтты.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар