Стамбулда орус-украин сүйлөшүүлөрү башталды

 Стамбулда орус-украин сүйлөшүүлөрү башталды

Стамбулда Орусиянын президентинин жардамчысы Владимир Мединский менен Украинанын Жогорку Радасындагы “Элдин кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамиянын эки тараптуу жолугушуусу башталганын  дипломатиялык булак билдиргенин РИА Новости жазды.

Сүйлөшүүлөр түрк лидеринин Долмабахче резиденциясында өтүүдө.

Жыйын башталар алдында Түркиянын президенти  Режеп Тайип Эрдоган делегациялардын алдында сөз сүйлөп, жакшы жыйынтыкка жетишүүнү каалады.
Ал Өзбекстанга барышы керек экенин, бирок тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну  “керек болгон учурда  колдоо көрсөтүү үчүн” Стамбулга калтырып кетип жатканын айтты.
Андан тышкары залда орусиялык ишкер Роман Абрамович да болду.

Делегациялардын алгачкы сүйлөшүүлөрү 28-февралда Беларустун Гомель облусунда өттү. Андан соң Орусия менен Украинанын өкүлдөрү 3-мартта Беловежскаяда, 7-мартта Брест облусунда жолугушкан.  Март айынын ортосунда жолугушууларды күн сайын онлайн өткөрүү чечими кабыл алынган.

Жанылыктар