ОшТВ телерадиокомпаниясы

Стамбулда катуу бороондо каза болгондордун саны төрткө жетти

 Стамбулда катуу бороондо каза болгондордун саны төрткө жетти

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алардын айтымында, 38 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп, курулуштарды бузуп, бак-дарактарды тамыры менен жулуп кеткен. Стамбулда саат мунарасынын жолго кулап түшкөнүн күбөлөр тартып алышкан. Шамалдын кесепетинен унаалар оодарылып, зымдар үзүлгөн.
Мурдараак маалымдалгандай, Эсеньюрт аймагында чатырдын кулашынан эки адам каза болуп, тогуз адам жаракат алган. Түркиянын башкы метеорологиялык кызматы 17 провинцияга кызгылт сары эскертүү берди. Анын айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен.
Стамбул шаарынын губернатору Али Эрликая жаан аралаш бороон шаршембиге чейин уланарын, мындан улам шейшембиде шаардагы билим берүү мекемелери толугу менен жабык болорун жарыялады.
Стамбулдан тышкары Бурса, Кожаэли, Бодрум, Измир жана башка шаарлар табигат кырсыгынан жапа чегүүдө. Шамалдын кесепетинен бир нече ички жана эл аралык каттамдар Стамбул аэропортуна коно алган жок. Алар башка аймактарга конууга аргасыз болгон. Босфордо кемелердин кыймылы токтотулду.
Аба ырайынын начар болушуна Лодос деп аталган шамал себеп болгон.

Жанылыктар