Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар адамдар кармалды

 Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар адамдар кармалды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык “Ихлас” агенттиги кабарлады.

Укук коргоо органынын башчысы терактты кимдер тарабынан жасалганы белгилүү экенин айтты.

“Бизде кайдан чыккан жери, кайсы жерде буйрук алынганы жана акцияны аткарган адамдар тууралуу маалыматтар бар. Биздин баамыбызда акция өткөрүүгө буйрук Кобаниден (ред. эскертүү – Сириянын түндүгүндөгү шаар) келген. Окуяга себепкер болгон жана бомбаны таштаган адам биздин Стамбул полиция башкармалыгы тарабынан кармалды. Буга чейин дагы 21 адам камакка алынган”, – деди Сулейман Сойлу.

Жардыруудан 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган, бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор. Учурда жалпы жабыркагандардын 50сү ооруканадан чыгарылды, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, 13-ноябрда Стамбул шаарында жардыруу болду.  Кыргызстандын Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар